Камчыбек Ташиев: Коррупциялык кылмыштардын саны кескин кыскарды
Кыргызстанда коррупциялык кылмыштардын саны кескин кыскарды. Бул тууралуу бүгүн Нарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, өлкө КМШ өлкөлөрүнүн ичинен экономикалык өсүү темпи боюнча биринчи орунду ээледи. Бул коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүнүн аркасында жетишилди.
"Азыр уурулук, ири коррупция, бандиттер жок. Буга чейин Нарында ишкерлерди коркутуп, иштешине тоскоол болгон топтор болгон. Мындай топторду толук жок кылдык. Бүгүнкү күндө өлкөдө бир дагы уюшкан кылмыштуу топ калган жок, мындан ары дагы болбойт. Ар бир жаран ээн-эркин, үй-бүлөсүнүн жыргалчылыгы үчүн жашап, иштеши керек. Бизде ушундай шарттар түзүлгөн", - деди ал.
Ошондой эле Ташиевдин айтымында, президенттин тапшырмасы менен коррупцияга каршы күрөш уланууда. Мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, коррупционерлерге айып пул салуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылды.
"Эми коррупционерлер эркиндигинен ажыратылат. Натыйжада коррупциялык кылмыштардын саны кескин кыскарды. Албетте, арабызда дагы эле системада мите курттай болгон кызматкерлер бар. Бирок биз алар менен да күрөштү улантабыз", – деди УКМК башчысы.