Бишкек мэри "Ататүрк" паркына үй салгандар менен мунаса табылганын айтты
Бишкектин мэри баш калаанын “Ататүрк” сейил багында курулган турак үйлөр бузулбай, алар паркты өнүктүрүүгө каражат берерин билдирди. Бул тууралуу мэр “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүнө катышканда айтты. Анын айтымында, парктын аймагынан бөлүнгөн жер тилкелерине тиешелүү чечимдер чыгып калгандыктан, мэрия аларды жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Бирок бул процесс көпкө созулгандыктан, мунаса чечим катары аталган аймакта курулуп калган турак-жайлардан паркты өнүктүрүү үчүн акы алуу каралууда.
Жунушалиевдин маалыматы боюнча, парктын аймагынан 24 гектар жер жеке колго өтүп кетсе, анын ичинен ушул тапта бош турган 5 гектары сейил бакка кайтарылды.
Учурда сейил бактын аймагында 68 турак-жай, эки көп кабаттуу үй курулган. Бул жеке турак-жай салгандар сотыхына 4,5 миң доллар, ал эми көп кабаттуу үйлөрдөгү ар бир батир 1000 доллардан төлөп берүүгө макул болгон. Бул каражат “Ататүрк” паркын өнүктүрүүгө жумшалат.
Бишкек мэри мындай жол менен жалпы 500 миллион сом чогултуу каралса, анын 97 миллиону азыркы учурга чейин келип түшкөнүн кошумчалады.