Порнографиялык материалдарды жайылткандар эле эмес, сактагандар да жазаланат

 Президент Садыр Жапаров Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Кодекстин 109-беренеси өзгөргөн. Анда порнографиялык мүнөздөгү чыгармаларды, басылмаларды, сүрөттөрдү, аудиоматериалдарды же башка предметтерди даярдоо, көрсөтүү, сактоо, жарнамалоо, таратуу, анын ичинде интернет аркылуу жайылтуу үчүн да жоопкерчилик каралды. Мыйзамда аталган материалдарды сатып пайда табуу максатында эмес, жөн эле жайылтуу үчүн да жаза каралары белгиленген.

"Мыйзам коомдун адеп-ахлак, жүрүм-турум жана моралдык баалуулуктарын, инсандын рухий саламаттыгын коргоо максатында кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин эски редакциясына ылайык, порнографиялык материалдарды сатуу максатында ташып келүү, даярдоо, жарнамалоо, жайылтуу үчүн айып пул каралган.

 

15:23, 12-08-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар