Ташиев чек ара жаңжалында жабыркаган офицерге 1 млн. сом берди
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара жаңжалында эки көзүнөн жаракат алган Элдияр Төлөновго каржылык колдоо көрсөттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Ал 2022-жылы Баткенде чек ара жаңжалында жарадар болуп, алгач Түркияда, андан кийин Россияда дарыланган.
I топтогу майыптыгы аныкталгандан кийин Төлөновго мамлекет тарабынан 1 миллион 794 миң сом өлчөмүндө акчалай жардам көрсөтүлүп, Бишкектен батир берилген. Учурда ага майыптыгы боюнча төлөмдөр жана пенсия төлөнөт.
Ташиев Төлөновду "эл-жерин коргогон чыныгы офицер жана патриот уул" деп атап, ата-энесине ыраазычылык билдирди.