Абхаз, армян номерлүү унааларды легалдаштыруудан үч айда 406,5 млн. сом түшкөн

Абхаз, армян номерлүү унааларды легалдаштыруудан 406,5 миллион сом түштү. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакыт Насиров билдирди.

Ал маалымат жыйында белгилегендей, бул үч айга карата берилген көрсөткүч.

"1-апрелден 1-июлга чейин чет элдик номерлүү 5825 унаа мыйзамдаштырылган. Жыл соңуна чейин сумма өсөрү күтүлүүдө", — деди Насиров.

Эске салсак, өлкөдө армян, абхаз номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу боюнча өнөктүк өтүүдө. Ага ылайык, кыймылдаткычынын көлөмү эки литрге чейинки унааларды мыйзамдаштыруунун акысы 50 миң сом, андан жогоркулар 100 миң сомдон төлөшү керек.

12:01, 13-08-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар