Чаткалда соцобъекттерди куруу жана ондоодо 5,8 млн сом зыян келтирилген
Чаткалда социалдык объектерди куруу жана ондоо мамлекетке 5,8 млн сомдук зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Чаткал райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Каныш-Кыя жана Терек-Сай айыл аймактарында социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштеринде мыйзам бузуулар аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында аткарылбаган же сапатсыз аткарылган иштер үчүн подрядчы уюмдарга төмөндөгү фактылар боюнча бюджеттик каражаттар мыйзамсыз которулгандыгы такталып, мамлекетке 5,8 млн сомдон ашык зыян келтирилген.
Каныш-Кыя айылында мини-футбол аянтчасын курууда аткарылбаган иштер үчүн кошумча 1,67 млн сом төлөнгөн;
Ак-Таш айылындагы Усупбек уулу К. атындагы мектепти жана Каныш-Кыядагы спорт комплексин курууда мамлекет 1,22 млн сомдук зыянга учураган;
Сумсар айылындагы «Ай-Балам» бала бакчасын капиталдык оңдоодо аткарылбаган жана сапатсыз иштер үчүн жергиликтүү бюджетке 2,89 млн сом зыян келтирилген.
Бул фактылар боюнча Чаткал райондук прокуратурасы тарабынан 4 кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.