Кубатов: Альпинизм - өлүм менен жашоонун ортосундагы романтика

Альпинизм - өлүм менен жашоонун ортосундагы романтика. Бул тууралуу Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов “Кабар” маалымат агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, альпинизм спорттун эң оор түрү. “Ар бир спорттун өз максаты бар. Мисалы, марафондо чуркап бараткан адамдын максаты 42 чакырым аралыкты басып өтүү. Күрөштө атаандашыңды жеңүү керек, бокста үч раунд ичинде каршылашыңды артка чегинтүүгө умтуласың. Ал эми биздин спортто максат - чокунун чокусуна жетүү. Альпинизмдин өзгөчөлүгү - өлүм менен жашоонун ортосунда болуу. Ошондуктан бул спорттун романтикасы күчтүү. Чокуга чыгып бара жатканда ырлар жазылат, китептер жаралат. Бул спорттун эң кызыктуу жагы да ушул. Эң башкысы ошол өлүм менен жашоонун ортосунда жашоо. Бул абдан оор спорт, жана биз аны жакшы билебиз. Тоодо ар бир чечим өтө маанилүү, анткени ал көп нерсени аныктайт. Кыйынчылыктар көп болот, бирок биз аларды элге ар дайым көрсөтө бербейбиз. Кыргыз эли, адатта, жеңишти гана көрөт. Ал эми азапты, коркунучтарды көрсөткүбүз келбейт.

Бул спорт менин үй-бүлөөмө оор тиет. Менин бул кесибимден үй-бүлөм көп кыйналат, бирок алар түшүнүү менен мамиле кылышат. Менин жашоом тоо менен байланышканын билишет. Ошондуктан ар бир экспедицияга уруксат беришет. Сапарга чыгып жатып, балдарыма дайыма керээз айтам. “Атаңарга ишенгиле. Мен силердин ишенимиңерди актайм” деп чыгам”. Кээде чокуга чыгып бара жатып, бул жолду тандап алганына өкүнгөн учурлар да болот. Бирок, бул сезим убактылуу гана. Бир убакыт келет, мен бул спортту таштайм. Бирок, ал убакыт азырынча келе элек. Убакыты келгенде мен альпинист жөнүндө китеп жазам,” — деди ал.

16:50, 06-11-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар