Оштун жашылдандыруу ишканасынын кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт
Оштун жашылдандыруу ишканасынын кызматкерлеринин айлыгы жаңы жылдан тарта көтөрүлөт жана турак-жай маселеси чечилет. Бул тууралуу калаа мэри Жеңишбек Токторбаев билдирди.
Мэриядан билдиришкендей, бүгүн Жеңишбек Токторбаев көчөт отургузуу иш-чарасынан кийин “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен жолугушту.
Жолугушууда шаар башчысы ишкананын негизги көйгөйлөрү акырындык менен чечилип жатканын белгиледи. Быйыл мекеменин жаңы имараты курулуп, техникалары да жаңыланды.
Мэр 2026-жылы кызматкерлердин айлык маянасы 30 миң сомдон кем болбойт деп белгилеп, Кең-Сай конушунда курулуп жаткан ипотекалык көп кабаттуу үйлөрдөн кызматкерлерге арзан пайыздык батирлер берилерин билдирди.