Бишкекте ири алдамчылык менен алектенген дропперлер кармалды

Бишкекте ири алдамчылык менен алектенген дропперлер кармалды.

Биринчи Май райондук милициясы кабарлагандай, 1954-жылы туулган Р.Л. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда белгисиз адамдар өздөрүн УКМК кызматкерлери катары тааныштырган. Алар «мүлктү коргоо жана терроризмге каршы иш-чараларды каржылоо максатында» акча которууну талап кылышкан.

Жабырлануучу алдамчыларга ишенип, батирин сатып, акчаны 18 банкка которгон. Натыйжада Р.Л. өзгөчө ири материалдык чыгымга учураган.

Бул факты боюнча Биринчи Май РИИБнин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 1-пункту (Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыктарын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Иликтөө иш-чараларынын натыйжасында төмөнкү дропперлер аныкталган. Алар:

  • Ж.Д., 2009-жылы туулган;
  • О.Б., 2006-жылы туулган;
  • С.Д., 1995-жылы туулган;
  • О.В., 2007-жылы туулган;
  • К.А., 2007-жылы туулган;
  • Ж.А., 2007-жылы туулган

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Жарандар банк карталарын, SIM-карталарын жана мобилдик банкинг тиркемелерин үчүнчү жактар менен бөлүшпөшү керек. Мындай схемалар мыйзамсыз жана жети жылга чейин эркиндигинен ажыратууга алып келиши мүмкүн.

Мыйзамсыз иштер тууралуу «102» ишеним телефонуна кайрылыңыздар",-деп айтылат маалыматта.

12:55, 17-11-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар