Бишкек шаарында 5 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды
Быйыл Бишкек шаарында 5 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, алар:
5 көмөк чордонго жалпы 146 МВА кубаттуулук кошулуп, аймактарда калкты сапаттуу электр энергия менен камсыздоо жолго салынды. Жыл аягына чейин дагы 2 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылат.
Жабдыктарды жаңылоо, көмөк чордондордун кубаттулуктарын жогорулатуу иштери Энергетика министрлиги менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы келишимдин негизинде жана каскаддык ыкма менен ишке ашырылып жатат.