Салык, сертификация, маркалоо. Тигүүчүлөргө жаңы эрежелер түшүндүрүлдү
Экономика жана коммерция министрлигинде тармактык бизнес-ассоциациялар менен биргеликте практикалык семинар өткөрүлдү.
Ведомстводон маалымдашкандай, анда тигүү тармагынын ата мекендик өндүрүүчүлөрү үчүн салык салуу, эсепке алуу, сертификациялоо жана маркалоо маселелери түшүндүрүлдү.
Мамлекеттик салык кызматынын эксперттери салыктык режимдер жана талаптар; чийки затты, жарым фабрикаттарды жана даяр продукцияны эсепке алуу; электрондук эсеп-фактураны (ЭСФ) жана электрондук товардык-транспорттук коштомо катын (ЭТТК) милдеттүү электрондук документтер катары тариздөө сыяктуу негизги темалар боюнча түшүндүрмөлөрдү беришти.
Салыкчылар туура эсепке алуу жана электрондук документ жүгүртүү экспорттук рынокторго чыгуунун жана маркетплейстер менен иштөөнүн маанилүү шарты экенин белгилешти.
Семинардын өзүнчө блогу сертификациялоо жана шайкештикти ырастоо маселелерине арналды. Бишкек стандартизация жана метрология борборунун адистери ЕАЭБдин техникалык регламентинин талаптарын, шайкештик декларациясын жана сертификатын алуу тартибин, лабораториялык сыноолорду жүргүзүүнү, ошондой эле рынокторго тоскоолдуксуз чыгуу үчүн зарыл болгон милдеттүү документтердин тизмесин кеңири түшүндүрүштү.
Эксперттер сертификациялоо процедураларынан туура өтүү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рынокторуна эркин чыгуунун жана ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн негизги шарты болуп саналат деп белгилешти.
Практикалык семинардын үчүнчү маанилүү багыты "Честный знак" маркалоо маселеси болду. "Альфа Телекомдун" өкүлдөрү жеңил өнөр жай продукциясын маркалоо системасынын негизги принциптери, коддорду алуу жана пайдалануу тартиби, ошондой эле системадагы маалыматтарды көзөмөлдөө механизмдери жөнүндө айтып беришти. Маркалоонун киргизилиши ачык-айкындуулукту жогорулатаары белгиленди.