Өзбекстан 10 айда 10 млрд долларлык алтын экспорттоду
2025-жылдын январь–октябрь айларында Өзбекстан немонетардык алтындын экспорту боюнча олуттуу өсүшкө жетишти. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика комитети кабарлады.
Маалыматка ылайык, 10 ай ичинде чет элге сатылган алтындын көлөмү 9,90 млрд долларды түзүп, 2024-жылдагы ушул мезгилге салыштырмалуу 49,4%га көп болду (2024-жылы — 6,63 млрд доллар).
Алтындын өлкө экспортуна карата үлүшү 34,1%га жетип, өткөн жылдын январь–октябрына караганда (29,2%) кыйла жогорулады. Бул баалуу металлдын Өзбекстандын тышкы соодасындагы мааниси өсүп жатканын көрсөтөт.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын январь–октябрында өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү 66,5 млрд долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,75 млрд долларга же 21,5%га көбөйдү.