Бишкекте мыйзамсыз жеке клиникалар жана дары-дармектер аныкталды

 

Бишкекте мыйзамсыз жеке клиникалар жана дары-дармектер аныкталды

Бишкекте мыйзамсыз медициналык жеке клиникалар жана дары-дармектер аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, борбордогу жеке медициналык клиникалардын бирин текшерүү учурунда ар түрдүү медициналык дары-дармектер жана буюмдар, анын ичинде баштапкы документтери жок медициналык жабдуулар табылган.

Ошондой эле аталган клиника ишмердүүлүгүн салыктык каттоосуз жана тиешелүү лицензиясыз жүргүзүп келгени аныкталды.

Мындан тышкары, фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиясыз жүргүзгөн Б.А.М. аттуу башка жеке ишкерге таандык кампадан реестрге киргизилбеген медициналык дары-дармектер табылган. Текшерүү учурунда дары-дармектердин кутуларына «медициналык буюм» деген оригиналдуу марканын үстүнөн «косметикалык каражат» деген этикеткалар чапталгандыгы да белгилүү болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери тарабынан тиешелүү актылар түзүлүп, жалпы суммасы 5,2 млн сом калдык алынган.

14:15, 28-11-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар