Чогуу ичишкен. Сокулукта 47 жаштагы аял күйөөсүнүн токмогунан каза болду
Сокулукта 47 жаштагы К.Е. аттуу аял күйөөсүнүн ур-токмогунан кийин каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Сокулук РИИБге Арал айылындагы үйлөрдүн биринен аял каза болгондугу тууралуу маалымат түшүп, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барган.
Сырттан кароо учурунда маркумдун денесинен көптөгөн көгала тактар жана кан уюган издер табылган.
Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала корутундусуна ылайык, К.Е.нин өлүмүнө баш мээнин жабык жаракаты, мээнин жаракат алышы жана чачтардын арасында соккудан пайда болгон жаракаттар себеп болгон.
Бул кылмышка шектүү катары күйөөсү Е.Н. кармалган. Алардын окуя алдында бирге спирт ичимдиктерин ичишкени аныкталган.
Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары улантылууда.