Кыргызстанда жаңы коммерциялык банк түзүлдү
Кыргызстанда жаңы коммерциялык банк – "Берекет Банк" пайда болду. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды.
Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, бул өлкөдөгү 22-коммерциялык банк болду.
"Берекет Банк" ЖАКтын башкармалыгынын төрагасы болуп Жаркынбек Сагындыков дайындалды.
Анын банк тармагында олуттуу иш тажрыйбасы бар:
2024-жылдын июнь айында "Бай-Түшүм" банкы башкармалыгынын биринчи орун басары болуп дайындалган;
2024-жылдын сентябрь айында Улуттук банк анын "Бай-Түшүм" банкы башкармалыгынын башчысы кызмат ордуна талапкерлигин жактырган;
Буга чейин "КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы" ААК башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалаган.
8-декабрда Кыргызстандын Улуттук банкы "Берекет Банк" ЖАКка улуттук жана (же) чет өлкөлүк валютада банктык операцияларды жүргүзүүгө уруксат бергенин билдирген.
Банкты түзүүгө уруксат берүү чечими Улуттук банк башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын 10-октябрында кабыл алынган.