Өзбекстандык Д. Келдиерова дзюдо боюнча Олимпиада чемпиону болду

Өзбекстандык дзюдочу Диёра Келдиёрова финалда Олимпиада чемпиону Дистрия Красникини жеңип, Олимпиаданын алтын медалына ээ болду.

Ал Өзбекстандын тарыхында Олимпиада оюндарында дзюдо боюнча алтын уткан биринчи спортчу.

Келдиёрованын 1/8 финалдагы биринчи атаандашы мурдагы Олимпиада чемпиону, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону япониялык Ута Абэ болду.

Чейрек финалда Келдиёрова 2024-жылкы Дүйнө чемпиондугунун жана 2023-жылкы Европа чемпиондугунун коло байге ээси немис дзюдочусу Маша Баллхаусту утуп алды.

Жарым финалда анын атаандашы 2021-жылкы Европа чемпиону, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, Европа чемпионатынын байге ээси, 2020-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Амандин Бушар болду.

08:44, 29-07-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар