Жалал-Абадда жаңы эл аралык аэропорт куруу пландалууда

Жалал-Абадда жаңы эл аралык аэропорт куруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда билдирди.

Жапаров учурда өлкөдө эски аэропорттор оңдоп-түзөөдөн өтүп, жаңы учактар алынып жатканын айтты.

“Бүгүнкү күндө “Манас” эл аралык аэропортунун жеке каражатынын эсебинен “Кербен”, “Каракол”, “Талас”, “Нарын” жана “Казарман” аймактык аэропорттору толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, четинен колдонууга бериле баштады. Ал эми аба кемелери паркыбыз жаңы учактар менен толукталып, жаңыртылууда.

Мындан тышкары, жаңы эл аралык “Жалал-Абад» аэропортун куруу маселеси иштелип жатат”, — деди ал.

10:28, 07-10-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар