Оюн так жеткире албай калган! Жапаров Ташиевдин Көлбаев тууралуу айтканы боюнча комментарий берди

Президент Садыр Жапаров мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин өлтүрүлүшү боюнча комментарий берди.
Эске салсак, буга чейин ЖМКларга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Көлбаевди жок кылууга жеке өзү буйрук бергени боюнча маалымат тараган. Бирок Ташиев кийин муну төгүндөгөн.
Өлкө башчы Жапаров Ташиев оюн орус тилинде жеткиликсиз айтып алганын белгилеген.

"Чындыгында эле ошол күнү маалымат түшөрү менен башкы прокурорго чалып "окуя болгон жерге тез арада барып, дыкат карап мага ыкчам маалымат бериңиз" дегем. Ал аскер прокурору жана тиешелүү кызматкерлери менен барып, текшерип, Көлбаевди кармоого аракет кылганда ал жана жан сакчылары тараптан куралдуу каршылык болгонун айткан. "Атайын кызматтын аскерлери өз өмүрлөрүн сактоо үчүн каршы ок чыгарууга мажбур болуп, шектүү ошондон улам каза болуптур" деп маалымат берген. Башкача айтканда, кызматкерлер өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын, мыйзамдардын чегинен чыгышкан эмес. Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мыйзам жана инструкция бар. Ушул мыйзамдар иштеген. Бул мыйзамдар эч кимдин буйругусуз аткарылат. Камчыбек Кыдыршаевич ушул жөнүндө орусча сүйлөп жатып, оюн толук жеткире албай калган. Бул мыйзам бардык өлкөлөрдө колдонулат, дүйнөлүк практика", — деген президент.
Ал ошондой эле кылмышка шектүүлөр куралдуу каршылык көрсөтсө аскерлердин өмүрүн тобокелге салууга болбой турганын белгилеген.
10:02, 23-01-2025

Комментарийлер

JamesBeala
Для профессионального продвижения стоит купить базы для хрумера https://www.olx.ua/d/uk/obyavlenie/progon-hrumerom-dr-50-po-ahrefs-uvelichu-reyting-domena-IDXnHrG.html, собранные вручную.
MatthewFUp
Маленькі модники потребують особливої уваги, тому варто обрати стильні дитячі аксесуари ukrbeautystyle.com.ua. Вони доповнюють образ та підкреслюють індивідуальність дитини.
JeffreyAvere
Уже второй год пользуемся услугой продвижение сайтов в Санкт-Петербург stokrat.org, и позиции растут стабильно. Санкт-Петербург — конкурентный рынок, и видимый эффект важен.
GeorgeDeste
https://ukrbeautystyle.com.ua/
Hermangek
Отличный опыт был с оформлением кредит онлайн на карту SelfieCredit — никаких лишних требований и проверок, только нужная сумма на карте.
Michaelpiert
https://creditka.org.ua/

Башка жаңылыктар