Жогорку Кеңеште жаңы келген депутат ант берди

Пархат Түлөндүбаев бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында ант берип, депутаттык ишине расмий киришти.

Мыйзамга ылайык, депутаттын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңеште ант берген күндөн тартып башталат.

Эскерте кетсек, “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын катарынан депутат болгон Жеңишбек Токторбаев жакында эле Ош шаарынын мэри болуп дайындалып, ага байланыштуу мандатынан ажыратылган. Анын мандаты Пархат Түлөндүбаевге тийген.

Пархат Түлөндүбаев 2007-жылы “Ак-Жол” партиясынын тизмеси менен, “2015-жылы “Республика-Ата-Журт” партиясынын катарынан Жогорку Кенештин депутаты болгон.

10:32, 29-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар