Мыйзамсыз миграция уюштурган эки чет элдик жаран кармалды

Мыйзамсыз миграция уюштурган эки чет элдик жаран кармалды

Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринин биринде 46 чет элдик жаранды мыйзамсыз ишке орноштуруу фактысы аныкталды.Аталган чет элдиктер туристтик визанын негизинде жүргөнү жана өлкөдө иштөөгө укугу жок экени такталган.

Факт боюнча УКМК Бишкек шаарынын Октябрь РИИБ менен биргеликте ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп, жыйынтыгы боюнча 46 чет өлкөлүк жаранга карата 10 миң сомдон протокол түзүлгөн, ал эми курулуш компаниясынын жетекчилигине чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуунун жана пайдалануунун эрежелерин бузуу жөнүндө протокол жазылган. Натыйжада 16-майда мыйзамсыз миграция уюштурган чет өлкөлүк эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

15:59, 19-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар