Чүй: 103 ирет жол эрежесин бузуп, айыбын төлөбөй жүргөн киши аныкталды

Чүй облусунда 103 жолу эреже бузуу катталган автоунааны табышканын облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жол милициясы рейд учурунда Mersedes Benz автокөлүгүн токтоткон. Текшергенде жол эрежесин ушул автоунаа менен бузуп айдаганы үчүн темир тулпардын номери көрсөтүлгөн 103 айып жазылганы белгилүү болгон.

Mersedes Benz айып короого токтотулуп, протокол түзүлгөн.

 

12:14, 13-06-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар