Ири коррупцияга айыпталып УКМК кызматкери кармалды
Ири коррупцияга айыпталып УКМК кызматкери кармалды
Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда кармалган УКМК кызматкери подполковник С.М компаниянын негиздөөчүсү менен мамлекетке төлөнүүчү зыяндын көлөмүн азайтуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылган.
2025-жылдын февралында чарба жүргүзүүчү тергөө менен жеке маселесин чечүү үчүн УКМК кызматкерине 200 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын бергени аныкталган.
“УКМКнын жогоруда аталган кызматкери акча каражаттарын алуу менен мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу суммасын минималдаштыруу боюнча милдеттенмелерин аткара алган эмес. Аталган факты боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, подполковник С.М. дискредитацияга байланыштуу улуттук коопсуздук органынан бошотулду”-деп айтылат билдирүүдө.