Кыргызстанда 100дөн ашык долларлуу миллионер активин легалдаштырды  

 Кыргызстанда 100дөн ашык долларлуу миллионер активин легалдаштырды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров керамикалык плитка чыгаруучу заводдун ачылышында билдирди.

Анын айтымында, заводдун курулушуна анын ээси 15 миллион доллар инвестиция салган.

"Мындай жагдай өлкөнүн ички рыногунун инвестициялык жагымдуулугу артып жатканын көрсөтөт. Бул — чет өлкөгө чыгып кеткен активдердин кайтып жатканынын белгиси. Эки жыл мурда кабыл алынган "Жарандардын активдерин ыктыярдуу мыйзамдаштыруу жана мунапыс берүү тууралуу" мыйзамдын иштеп жатканын көргөзөт", — деди Жапаров.

Президент бул демилге аркылуу 100дөн ашуун доллардык миллионерлер өз активдерин мыйзамдаштырып, бири завод курса, башкалары IT-хаб, кирпич чыгаруучу ишканаларды ачууда.

"30 жыл бою саясат менен эле алектендик, эми иш кылчу убак келди", — деди президент.

 

16:18, 17-06-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар