Ошто күрөөкананы тоноп кетишкен. Шектүүлөр Бишкектен кармалды
Ош шаарында күрөөкана тонолуп, кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу шаардык ИИБ билдирди.
11-июнь күнү саат 04:30дар чамасында Баялинов көчөсүндө жайгашкан "Ош-Нуру" мейманканасында жайгашкан күрөөканага эки адам кирип барган. Алар 21 жаштагы кызматкерге кол салып, тапанчага окшош нерсе менен коркутуп, андан соң сабашкан. Жабырлануучунун айтымында, кылмышкерлер сейфти ачып, 300 миң сомго жакын акчаны жана 1 миллион 300 миң сомдук зер буюмдарды алып кетишкен.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси ("Каракчылык") менен иш козголду. Шектүүлөр Бишкектен кармалган. Ош шаарында туулган 24 жаштагы А.Э. жана 25 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну С.А. сурак маалында күнөөсүн мойнуна алып, уурдалган акчанын бир бөлүгүн кайда коротконун айтып беришкен. Соттун өкүмүнө ылайык, алар тергөө аяктаганга чейин камакта болот.