Маевкада үч мектеп окуучусу 1-класстын окуучусун зордуктаган
Маевкада үч мектеп окуучусу 1-класстын окуучусун зордуктаган
Бул тууралуу 24.kgге жабырлануучунун агасы Абдулхалил Алиев билдирди. Кылмышка шектүүлөр 5, 8 жана 9-класстын окуучулары.
"Балдардын бири видеого тартып, башка окуучуларга таратып, анан анонимдүү түрдө мага жөнөтүштү. Биз дароо Үчүнчү балдар ооруканасына бардык, ал жактан баары жакшы экенин айтышты. Бирок менин колумда зордук-зомбулук болгонун көрсөткөн видеотасма бар. Баланын өзү да курсагы, ичеги-карындары ооруп жатканын айтууда. Мен арызданып чыккандан кийин, расмий тыянак кийинчерек чыгарын билдиришти»,- деди ал.
Окуя 17-майда болгон. Жабырлануучу ата-энеси жумушта кезде, 9-класстын окуучусу кирип зордуктаган. Мындан кийин дагы төрт жолу зомбулук жасалган.
"Ушунча убакыт бою алар аны ата-энеси менен кошо өлтүрөбүз деп коркутушкан. Биринчи окуядан кийин ал 10 күн мектепке барбай, апасына эч нерсе айткан эмес, бирок окууга баруудан кескин баш тарткан. Акыркы жолу, жээнинин айтымында, бул окуя 26-майда болгон", - дейт Алиев.