Бишкекте дарактарды сугаруу үчүн атайын баштыктар колдонула баштады
Бишкекте дарактарды сугаруу үчүн атайын баштыктар колдонула баштады
"Бишкекзеленстрой" муниципалдык ишканасы жашыл зоналарды күтүүнүн жаңы технологиясын – сууну жай чыгаруу менен сугаруу үчүн атайын каптарды киргизүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Система дарактардын тамыр зонасын эффективдүү нымдаштырууга мүмкүндүк берет, өзгөчө борборлоштурулган сугаруу жок же сугаруу кыйын болгон жерлерде.
Пилоттук долбоордун алкагында 2 миңге жакын баштык сатылып алынган. Алардын ар бири 50 литрге чейин суу кармап, аны сутка бою бир калыпта берип турат, бул ным коромжу болушун азайтат жана ашыкча сугарууну жок кылат. Буга чейин баштыктар орнотулуп, шаардын эң көйгөйлүү аймактарында колдонулуп жатат.
Жаңы технологиянын артыкчылыктары сууну жана убакытты үнөмдөө, адамдын кийлигишүүсүз автоматтык түрдө тамчылатып сугаруу, бак-дарактардын сакталышын жогорулатуу жана алыскы аймактарда колдонууга ыңгайлуу.