1-июлдан баштап салыктар QR-код аркылуу төлөнөт

1-июлдан баштап салыктар QR-код аркылуу төлөнөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, салыкчылар менен банкирлер жолугуп, 1-июлдан тартып салыктарды, салыктык эмес төлөмдөрдү жана камсыздандыруу төгүмдөрүн QR-код аркылуу төлөөнү талкуулаган.

Салыктарды төлөм коду же QR-код аркылуу төлөө төмөнкүлөрдү камсыздайт:

салык төлөөчүнүн төлөгөн каражаты онлайн режиминде бюджетке түшөт;

банк кассасында төлөм документтерин, реквизиттерди толтурууда (кол менен толтуруу) кетчү каталар жоюлат;

салык төлөөчүлөргө ыкчам жана сапаттуу кызмат көрсөтүү (банктын кассаларындагы узун кезектерди жоёт, убакытты үнөмдөйт).

Салык төлөмүнүн кодун же QR-кодду түзүү жолдору:

салык төлөөчүнүн кабинети же мобилдик тиркеме аркылуу ("Салыктарды төлөө" бөлүмүндө);

бирдиктүү терезелерде: Ишкерлерди тейлөө борборлорунда же аймактык Салык кызматтарында түзүүгө болот.

 

16:09, 19-06-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар