Кыргызстанда көмүрдү ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Кыргызстандын аймагынан көмүрдү ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салынды.

Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 21-июнда кол койгон.

Чектөө ЕАЭБдин бажы классификациясына ылайык, 2701 жана 2702 кодундагы көмүргө тиешелүү. Анткен менен бул эреже "Эркеч-Там" менен "Торугарт" бекеттерине тиешеси жок.

Документке ылайык, тийиштүү мамлекеттик органдарга зарыл чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Документ расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

14:27, 23-06-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар