АКШ мындан ары Израилге Иран менен болгон жаңжалда аскердик жардам көрсөтпөйт

АКШ мындан ары Израилге Иран менен болгон кармашта аскердик жардам көрсөтпөйт. Бул тууралуу Ак үйдөгү жогорку даражалуу маалымат булагына таянып Washington Post гезити жазганын РИА Новости билдирди.

Мындай кеп АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефондо сүйлөшкөндө козголгон.

"Трамп Нетаньяхуга телефон чалып, АКШ өзүнүн аскер күчтөрүн Израилге жардам берүү үчүн колдонбой турганын айтты", — деп жазат басылма.

Маалыматка ылайык, АКШнын лидери "америкалык аскерлер өз милдетин аткарды" деп билдирген. Нетаньяху бул сөздөргө нааразы болгону менен Трамптын дипломатияга кайтуу тилегин түшүнүп, ок атууну токтотууга макул болгон.

Ошондой эле, басылманын маалыматы боюнча, АКШ Ирандагы өзөктүк объектилерге ийгиликтүү сокку жасалганы белгилүү болгондон кийин Трамп Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткоффко Иран тарап менен байланышты кайра жандандырууну тапшырган. Ушул эле учурда Уиткофф Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен сүйлөшүп, Иранды сүйлөшүүгө кайтууга чакырган.

Эске салсак, 13-июнга караган түнү Израилдин аскерлери Иранга каршы масштабдуу операция баштады. Тель-Авив Тегеранды жашыруун өзөктүк программасын ишке ашырып жатат деп айыптады. Кол салууда Ирандын жогорку даражалуу аскер офицерлери жана өзөктүк программа боюнча илимпоздору набыт болушкан. Тегеран душмандын аскердик буталарына сокку уруу үчүн "Чыныгы убада — 3" аттуу жооп операциясын баштады. Тараптар бир күндө бир нече жолу сокку урушкан.

АКШ Израиль менен Ирандын ортосундагы тирешүү күчөгөндөн бир жумадан ашык убакыт өткөндөн кийин, жекшембиге караган түнү, Натанз, Фордо жана Исфахандагы Ирандын үч өзөктүк объектине сокку урду.

 

11:45, 25-06-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар