Садыр Жапаров менен Сергей Лавров Кыргызстан менен Орусиянын стратегиялык өнөктөштүгүн тереңдетүүнү талкуулашты

Жапаров менен Лавров Кыргызстан менен Орусиянын стратегиялык өнөктөштүгүн тереңдетүүнү талкуулашты

29-июнда президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттары, интеграциялык процесстер жана экономикалык кызматташуунун келечеги талкууланды.

Президент Садыр Жапаров акыркы үч жылда Кыргызстандын экономикасында оң өзгөрүүлөр болгондугун билдирди:"Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолу менен ишенимдүү баратат. Биздин артыкчылыктарыбызга энергетика, транспорт, санариптештирүү, туризм жана сейрек кездешүүчү жана маанилүү минералдык ресурстарды өнүктүрүү кирет", — деди Жапаров.

Сергей Лавров мамлекет башчыларынын жеке катышуусунун маанилүүлүгүн белгиледи: «Өз ара аракеттенүүнү президенттер белгилейт, ал эми тышкы иштер министрликтери бардык тармактарда макулдашылган ишти камсыз кылууга милдеттүү»-деген Лавров.

11:12, 30-06-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар