Шопоков шаарынын мэри коррупцияга шек саналып кармалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлкеттик комитети (УКМК) тарабынан Шопоков шаардык мэриясынын кызматкерлерине коррупция боюнча кылмыш иши козголгон, ага ылайык шаар мэри жана мэриянын башкы адиси кармалды.
Мекеменин басма сөз кызматы 4-июлда кабарлагандай, алар коррупциялык аракеттери менен мамлекетке 9 млн сомдук зыян келтирүүгө шек саналууда.
"Шопоков мэриясы 2023-жылдан тартып өткөрүп келген тендерлерде "Юниверсал сервис" жана "Матумба" ишканалары жеңип келген. Бул ишканалар мэрдин тапшырмасы боюнча мэриянын "инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар" боюнча башкы адиси К.А.А. аттуу жарандын классташтарына катталган, алар формалдуу түрдө компаниялардын жетекчилери болуп көрсөтүлгөн", - деп жазылган маалыматта.
Атайын кызмат аталган ишканаларды шектүү К. А. А. жетектеп, жасалма жумуштарды жүргүзүү аркылуу бюджеттик каражаттарды өз максаттары үчүн сыртка чыгарып кетип жүрүшкөнүн билдирүүдө. Бул коррупциялык схема түздөн-түз Шопоков шаарынын мэри С.Н. С. көрсөтмөсү менен уюштурулганы, жасалма сатып-алуулардан каражатты өз ара бөлүшүп алышканын мэриянын башкы адисинин көрсөтмөсүндө тастыкталганы кабарлады.
Мындан тышкары мэр "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өзүнүн жакын тууганын айдоочулукка дайындаганы", тууганы бир учурда эле "Шопоков-Унаа" муниципалдык ишканасында да айдоочу болуп иштеп, эки жерден эмгек акы алып жүргөнү аныкталганы айтылат.
Бул материалдардын негизинде 3-июль күнү мэр С.Н.С. жана башкы адис К.А.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Коопсуздук кызматы учурда мамлекеттик бийликтеги кызматкерлерди жана башка тиешелүү адамдардын коррупциялык аракеттерин аныктоо иштери улантылып жатканын маалымдады.