Балыкчыда таксистти муунтуп өлтүрүшкөн. Эки шектүү кармалды

Балыкчы шаарында дайынсыз жоголгон таксисттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-июлда милицияга 23 жаштагы тургун арыз менен кайрылган. Ал 61 жаштагы атасы такси кызматын көрсөтүү үчүн үйдөн чыккан боюнча 2-июлда дайынсыз жоголгонун билдирген.

"4-июлда Балыкчы шаарынын түндүк тарабындагы "Абрикос" дачасынын аймагынан таксисттин сөөгү табылды. Ал бут кийимдин боосу менен муунтулуп өлтүрүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү катары Балыкчы шаарынын 29 жана 31 жаштагы тургундары кармалып, эки айга камакка алынды.

 

11:54, 09-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар