Алмамбет Шыкмаматов Россиянын Салык кызматынын жетекчиси менен жолукту

Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Москвага болгон жумушчу сапарынын алкагында Россиянын Федералдык салык кызматынын (ФСК) жетекчиси Даниил Егоров менен жолугушту. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Жолугушууда аналитикалык салык базасы чөйрөсүндөгү санариптик чечимдерди өнүктүрүү боюнча биргелешкен программаларды ишке ашыруу макулдашылды. Ошондой эле эки өлкөнүн салык кызматтарынын жетекчилери тажрыйба алмашуу, окутуу жана салык органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жаатында туруктуу кызматташуу керектигин белгилешти.

Мындан тышкары, КР Салык кызматынын өкүлдөрү Россиянын ФСК ишинде колдонулган санариптик чечимдер менен таанышты.

Россиянын Федералдык салык кызматы менен Өнөр жай жана соода министрлиги колдонуп жаткан "Честный знак" товарларды маркалоо системасына өзгөчө көңүл бурулду. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге жана РФке идентификация каражаттары менен маркалоо системасын натыйжалуу киргизүү жана бул системаны Кыргызстанда дагы өнүктүрүү маселелери каралды.

 

14:43, 10-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар