Нарын, Талас жана Баткен мамлекеттик университеттерин КУУга кошуу сунушталууда

Нарын, Талас жана Баткен мамлекеттик университеттерин Кыргыз улуттук университетине кошуу сунушталууда. Тиешелүү документ коомдук талкууга чыгарылды.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги президенттин жарлыгынын долбоорун даярдаган. Бул кадам интеллектуалдык, материалдык жана уюштуруучулук ресурстарды топтоп, бирдиктүү билим берүү мейкиндигин калыптандырууга жана региондордогу билим сапатын көтөрүүгө багытталган.

Демилгечилер башка дагы артыкчылыктарды тизмектешти:

жогорку билим берүү системасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана региондордо адис даярдоонун сапатын жакшыртуу;

бириктирилген университет Кыргызстандын экономикасынын негизги секторлорунда кадрдык жана технологиялык лидер болуп калат;

жаш адистерди жер-жерлерде жумуш менен камсыздоо аркылуу региондордон борборго болгон миграция агымын азайтуу.

Долбоор колдоо тапса 5-10 жыл ичинде университет илим, технология жана кадр даярдоо жаатында дүйнөлүк деңгээлге чыгуусу мүмкүн экени кошумчаланды.

 

06:00, 01-01-1970

Комментарийлер

Башка жаңылыктар