Энергетика министри Токтогул суу сактагычында суу быйыл 700-800 млн кубга аз экенин айтты
Энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл Токтогул суу сактагычында суу былтыркыга салыштырмалуу 700-800 миллион кубга аз экенин билдирди. Ал бул тууралуу 25-июлда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Келерки айда дагы 2024-жылдагыдай суунун көлөмү болбошун эскертти. Бирок азыр канча суу бар экенин, эмне себептен аздыгын тактаган жок.
Министр маегинде быйыл жайында электр энергиясын колдонуу эң жогорку чекке жетип жатканын белгилеп, жарандарды сарамжалдуу болууга чакырды.
“24-июль күнү электр энергиясын суткалык керектөө 44,7 млн кВтс болуп эң жогорку рекорддук чекке жеткен. “Мында дээрлик 6 млн кВтс электр энергиясын көбүрөөк колдонуу болуп жатат. Учурда ар бир үй эң жогору дегенде 5 кВт сааттан кем эмес электр энергиясын колдонуп жатат”,-деди Ибраев.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү тууралуу май айынан тартып ачык маалымат берилбей калган.