ХАМАС бийликтен кетсин.Араб өлкөлөрү катуу талап 

ХАМАС бийликтен кетсин.Араб өлкөлөрү катуу талап коюшту

ХАМАС Газа тилкесинде бийликтен кетип, курал-жарагын Палестина автономиясына өткөрүп бериши керек — Египет, Катар, Сауд Аравиясы жана Иордания ушул мазмундагы документке кол коюшту. Бул тууралуу dpa агенттиги кабарлайт.

Жети беттен турган билдирүүдө ХАМАСтын 2023-жылдын 7-октябрындагы Израилге жасаган чабуулу кескин сынга алынса, Израилден Газага чабуулду токтотуу жана Батыш Жээктеги жөөт конуштарын токтотуу талап кылынат.

Документке Британия, Франция, Канада, Бразилия, Испания, Италия, Норвегия жана Ирландия да кошулган. Билдирүү БУУнун сентябрдагы жыйынына чейин расмий кабыл алынышы күтүлүүдө. Колдоочулардын саны дагы өсүшү мүмкүн.

Бул билдирүү Газа маселеси боюнча эл аралык кысымды күчөтүп, «эки мамлекет» чечимин кайра күн тартибине чыгарды.

13:01, 30-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар