Нарын дарыясына түшүп кеткен айдоочуну издөөгө 198 куткаруучу тартылды

Бүгүн, 15-августта жүк ташуучу унаасы менен Нарын дарыясына түшүп кеткен айдоочуну издөөгө 198 адам тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде куткаруучулар, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар бар. Алар 5 дрон менен издөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Эске салсак, 13-август күнү Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын жана Таш-Башат айылдарын бириктирип турган ички чарбалык унаа өтүүчү жыгач көпүрөдөн КаМАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда көпүрө сынып, унаа Нарын суусуна түшүп кеткен. Натыйжада унаанын айдоочусу 1984-жылы туулган А.А. аттуу эркек киши дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

14:52, 15-08-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар