Төрөбаев эттин баасына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды
Төрөбаев эттин баасына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча адистештирилген кызматтарга жана аймактык башкармалыктарга эттин баасына көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.
Буйрукка ылайык, ветеринардык кызмат, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют, ошондой эле райондук айыл чарбаны өнүктүрүү бөлүмдөрү туруктуу мониторинг жүргүзүүсү зарыл. Мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенден кийин эттин өздүк наркы негизсиз көтөрүлгөн учурда алар өз убагында чара көрүүгө милдеттүү.