Баланы мектепке кошумча каттоо башталды
Бүгүндөн баштап 30-сентябрга чейин "Электрондук каттоо" автоматташтырылган маалыматтык тутумунда кошумча каттоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты.
Анын алкагында "Каттоону жокко чыгаруу" баскычы кайрадан иштетилет. Эгер зарылчылык жаралса ата-энелер мурдагы каттоону жокко чыгарып, баланы бош орун бар башка мектепке кайра каттай алышат.
"Кошумча каттоо аяктаганга чейин да жетишпей калган ата-энелер кийинки окуу жылына каттоо үчүн гана мектепке кайрыла алышат. Жүйөлүү себеп болсо билим берүү мекемесинин башкаруу органдарынын расмий чечимдери менен гана уруксат берилиши мүмкүн", —деп айтылат маалыматта.
Баланы өз убагында мектепке каттабагандыгы үчүн жоопкерчилик ата-энеге же мыйзамдуу өкүлгө жүктөлөрү айтылды.
Белгилей кетсек, балдарды мектепке каттоо боюнча негизги өнөктүк 15-августта аяктаган.