Россия ТИМи альпинист Наговицина боюнча Кыргызстанга ыраазылык билдирди
Россия Кыргызстанга алардын альпинисттерин, тагыраагы, Наталья Наговицинаны куткаруу үчүн көргөн ыкчам аракеттерине ыраазы экенин РФ ТИМинин расмий өкүлү билдирди Мария Захарова билдирди.
Бишкектеги элчилик алар менен байланышып, куткаруунун айла-амалын көрүп жатканы айтылды.
12-августта Россиялык альпинист Наталья Наговицинын Жеңиш чокусунан түшүп келе жатып бутун сындырып, бийиктикте калып калган. Анын шериги жабыркаган альпинистке биринчи жардам көрсөтүп, коопсуз жерге жайгаштырып, жардамга башкаларды чакырыш үчүн лагерге түшкөн. 13-августта ал лагердеги Италия менен Германиядан келген альпинисттер Наговицинага көтөрүлүшкөн. Ага жетип, уктоочу мүшөк, азык-түлүк, газ баллон таштап, аба ырайынын катаалдыгынан улам кайра түшүүгө мажбур болушкан. Жолдо италиялык альпинисттин абалы капыстан кескин начарлап, 15-августта каза болгон (чокудагы абанын басымынан улам, мээси шишип кеткен болушу мүмкүн деген маалыматтар айтылды).
Өткөн жумада Жеңиш чокусундагы адамдарга бараткан Кыргызстандын Коргоо министрлигинин Ми-8 тик учагы кырсыктаган. Катаал аба ырайына байланыштуу тик учак тоого конууга аргасыз болгон. Борттогу бир нече адам жаракат алган.
Учкучтар аба ырайынын жакшырышын күтүп жатат.