Автоунаасы камсыздандырылган жарандарга 17,3 млн сом төлөндү
Жыл башынан бери автоунаасы камсыздандырылган жарандарга 17 млн 335 миң 499 сом төлөндү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, эң ири төлөм 300 миң сомду түздү. Бул сумма жол кырсыгында жабыр тарткан эки автоунаанын ээлерине төлөндү (ар бирине 150 000 сомдон).
Ошондой эле Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун ишинде адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы боюнча камсыздандыруу окуясы катталган. Жабырлануучунун үй-бүлөсүнө 300 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөнгөн.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ишинде ачыктыкты, ыкчамдуулукту жана жарандардын укуктарын коргоого багытталган жоопкерчиликти карманарын белгилейт.