Ташиев Бишкек шаардык сотунун үч судьясы кызматтан кеткенин айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаардык сотунун үч судьясы “уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жазадан бошоткон” деген негиз менен кызматтан кеткенин билдирди. Бул тууралуу атайын кызматтын башчысы 23-августта Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын эли менен жолугушууда айтты.

Камчыбек Ташиевдин сөзүнө ылайык, биринчи инстанция уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсүн жети жылдан абакка кескен. Кийин Бишкек шаардык соту аларды чыгарып жиберген. УКМКнын төрагасы окуя качан болгонун жана кызматтан алынган соттордун аты-жөнүн тактаган жок. Камчыбек Ташиев судьялар кылмыш иштерине аралашкан фактылар катталып жатканын кошумчалап, жакында эле Ошто болгон дагы бир окуяны айтып берди.

“Ошто бир кылмыш болду. Прокуратуранын кызматкери 4 миң доллар алып, аны бир судьяга берет. Ал судьяны кармайлы деп үйүнө барышса ажатканасына кирип, алган акчасын өрттөйт. Ошол акчанын өрттөлгөн бөлүктөрүн чогултуп, экспертиза өткөрүп туруп жоопко тартып атабыз. Прокуратуранын кызматкерин кармап, эми судьяны жоопко тартуу боюнча Соттор кеңешине сунуш бердик. Сунуш колдоо тапса ал сотту да камайбыз”, - деди Камчыбек Ташиев.

 

10:49, 26-08-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар