Афганстанда жер титиреп, кеминде 500 адам каза тапты

Афганстандын чыгыш тарабында магнитудасы 6,2 болгон зилзаладан 500 миң адам каза таап, 1000ден ашууну жарадар болду. Бул туурасында Sky News билдирди.

РИА Новости Европа жер ортолук сейсмология борбору (EMSC) 1-сентябрга караган түнү Афганстандын Жалал-Абад шаарынан түндүк-чыгышты көздөй 57 чакырымдай жерде магнитудасы 6,2ге жеткен зилзала болгондугун кабарлаган. Ал эми анын очогу 35 чакырым тереңдикте экендиги айтылган.

NBC телеканалы аталган республиканын саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме кылып, жабырлангандарды сактап калуу боюнча масштабдуу операция башталгандыгын билдирди.

"Жер титирөө алыскы тоолуу аймакта болгондуктан, жабыркагандар жана инфраструктурага келтирилген зыян тууралуу так маалымат алуу үчүн убакыт талап кылынат", — деген министрликтин өкүлү Шарафат Заман.

Tolo news маалымат порталы жердин силкинүүсүнөн Нургал, Цавкай, Ватапур, Манугай жана Чапа-Дара уезддеринде кыйраган жайлар көп экендигин айткан.

"Нургалда бир нече кыштактар кыйрап, көп кишини басып калды", — деп билдирген аталган портал.

 

12:47, 01-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар