Наталья Наговицына жаткан жерде тирүүлүктүн белгиси жок - Эдуард Кубатов
Түштүк Эңилчек лагеринен Наталья Наговицына жаткан жер дагы бир жолу дрон менен каралып, бирок тирүүлүктүн белгиси байкалган жок. Бул тууралуу Альпинизм федерациясынын башчысы Эдуард Кубатов социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында куткаруу операциялары ушуну менен токтотулат. Ал эми тартылып алынган 10 мүнөттүк видео материал Наговицынанын уулуна өткөрүлүп берилет.
“Кыргыз тарап альпинистти куткаруу үчүн болгон аракеттерди жасады. Бирок өтө бийиктик, катаал аба ырайы, тик учактын кырсыкка кабылышы, куткаруучулардын физикалык абалы тоскоолдуктарды жаратты.
7200 метр бийиктикте жайгашкан Жеңиш чокусунун тарыхында бир дагы куткаруу иши ийгиликтүү аяктаган эмес. Биз куткаруучу альпинисттердин жашоосун тобокелге сала албайт болчубуз”,-деп жазган ал.
Ошондой эле, Эдуард Кубатов өлкөнүн өкмөтүнө, Куралдуу күчтөрүнө, аскер учкучтарына, куткаруучуларга, альпинисттерге ж.б. куткаруу иштерине катышкан тараптарга ыраазычылык билдирди.
“Тоолордогу жоготуулар - бул альпинисттик жашоонун катаал бир бөлүгү. Ал эми биз тоолуу өлкөбүз ар дайым көрктүү жана коопсуз болушу үчүн колдон келген аракеттерди жасай беребиз”,-деп кошумчалаган ал.