Дордойдогу "Алкан" базарынын 120 чарчы метри өрттөндү
Дордойдун "Алкан" базарынын 120 чарчы метри өрттөндү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, контейнерден чыккан тилсиз жоо 120 чарчы метрди камтып, бактыга жараша жабыркагандар болгон жок.
Базардан чыккан өрт 3-сентябрга караган түнү саат 00:26да чектөөгө алынган.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм жана штаб тартылган.
Бактыга жараша жаракат алгандар жок.