Англияда 16 жашка чейинкилерге энергетик сатууга тыюу салуу сунушталды

Англия өкмөтү 1 литрде 150 миллиграммдан жогору кофейин камтыган энергетикалык суусундуктарды 16 жашка чейинки балдарга сатууга тыюу салуу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу Известия агенттиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, бул чара дүкөндөргө, кафе-ресторандарга жана интернет аркылуу сатууга, башкача айтканда бардык соода түйүндөрүнө тиешелүү болот.

Изилдөөлөргө ылайык, күн сайын болжол менен 100 миң бала жок дегенде бир бөтөлкө энергетик ичет. Бул алардын уйкусуна, окуудагы жетишкендиктерине жана нерв системасына терс таасирин тийгизет. Билим берүү министри Бриджит Филлипсон бул демилгени “тарыхтагы эң дени сак муунду тарбиялоого дагы бир кадам” болот деп белгилеген.

Ал эми саламаттык сактоо министри Уэс Стритинг “Энергетикалык суусундуктар зыянсыз көрүнүшү мүмкүн, бирок алар балдардын уйкусун, психикалык абалын жана ден соолугун начарлатат. Ал эми курамында кант көп болгон түрлөрү семирүүгө алып келет”-деп билдирген.

Эгер бул тыюу ата-энелер жана мугалимдер тарабынан колдоо тапса - 40 миң баланын семирүүсүнүн алдын алууга жана келечекте ооруларды дарылоого жумшала турган он миллиондогон фунтту үнөмдөөгө шарт түзөт.

 

09:48, 03-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар