Оштун мурдагы вице-мэри коррупция иши боюнча камакка алынды

Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Марс Исаев УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралууу атайын кызматтан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 8-сентябрында Ош шаарынын биринчи вице-мэри И.М.А. 55 гектардан ашык айыл чарба жерин өндүрүштүк категорияга мыйзамсыз которуу боюнча токтомдорго кол койгон. Анын негизинде Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктик "К.Т." ЖЧКсынын пайдасына менчикти тастыктаган документ берген.

"Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2025-жылдын 21-августунда Ош шаарынын мурдагы биринчи вице-мэри И.М.А кармалды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен айып тагылды", — деп айтылат кабарда.

Ош шаардык сотунун чечими менен Исаев УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда мындан башка да менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жер тилкелерин аныктоо иштери уланып жатканы кошумчаланды.

 

09:06, 04-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар