"Сулайман-Тоо" музей комплекси 12 млн. долларга оңдолот. Эскиз

Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Билдирүүгө караганда, Дүйнөлүк банк "Регионалдык экономикалык өнүгүү" долбоорунун алкагында реконструкция иштерине жалпы 12 миллион доллар бөлгөн.

"Учурда долбоордун илимий концепциясын жана долбоордук-сметалык документтерин даярдоо иштери акыркы баскычка жетти. Анын негизинде Сулайман-Тоонун бир катар тарыхый жана маданий жайлары жаңыланат", — деп айтылат маалыматта.

Реконструкция боло турган негизги объектилер:

Бабурдун өжүрөсүнө алып баруучу тоо жолу жана кароо аянты;

Сулайман-Тоодогу "Үңкүр" музейи;

Этнографиялык-археологиялык музейди реконструкциялоо;

От дарбазасын куруу, аймакты көрктөндүрүү;

Орто кылымга таандык мончону реконструкциялоо;

Түндүк тараптагы "Тоо дарбазасын" жаңылоо;

Асаф ибн Бурхия күмбөзүнүн тегерегин иретке келтирүү;

"Суу дарбазасын" куруу жана аймакты көрктөндүрүү.

Бул долбоор эл аралык макамга ээ болгондуктан 2020-жылы Кыргызстандын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификациядан өткөрүлүп, 2021-жылдан тарта активдүү ишке ашырылып келе жатат.

Сулайман-Тоо – ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген өзгөчө коруктагы аймак болгондуктан реконструкция иштеринде тарыхый жана маданий мурастарды сактап калууга өзгөчө көңүл бурулууда. Ар бир архитектуралык жана курулуштук чечим эл аралык эксперттердин катышуусу жана макулдугу менен кабыл алынып жатканы кабарланды.

 

09:09, 04-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар