Чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2009-жылдан бери каттоодо турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, кримчөйрөдө Кеша каймана аты менен таанылган Р.К.Р. аттуу жаран кармалганын маалымдады.
Ал мамлекеттик чек араны системалуу түрдө мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталып жатканын билдиришти. Шектүү Камчы Көлбаевдин тарапташы болгону, ага чейин Алманбет Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү болгону айтылат.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, Р.К.Р. 2016-жылы тыюу салынган баңгизат саткандыгы үчүн 12 жылга кесилген. Жазасынын жарымын өтөгөндөн кийин шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу арыз берип, Токтогул райондук соту аны канааттандырган. 2022-жылдын 18-октябрынан 2025-жылдын 13-мартына чейин пробациялык көзөмөлдө болгон.
"2024-жылдын декабрында Р.К.Р. көзөмөл шарттарын одоно бузуп, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан "брод" деп аталган тилке аркылуу ары-бери өтүп жүргөн", — деп айтылат кабарда.
ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы менен чогуу жүргүзүлгөн операциянын алкагында шектүү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилгени белгилүү болду.
Кылмыштын бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар уланууда.