Бюджетке 18 млн. сом зыян келген. Подрядчы ишканалардын жетекчилери кармалды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бюджеттик каражатты уурдаган деген шек менен подрядчы уюмдардын беш жетекчисин кармады.
Мааламатка караганда, буга чейин УКМК Ош облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын бир катар кызмат адамдарын Кең-Сай конушундагы жолдорду, суу түтүктөрүн курууда бюджеттик каражатты максатсыз пайдалануу жана уурдоо фактысы боюнча кармаган.
Аталган кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында подрядчылар тарабынан турак жайдын кире беришиндеги жана айыл ичиндеги жолдорун куруу боюнча аткарылган иштери текшерилген.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында "А.Б", "А.Н", "Б.С", "Ю", "С.С", "С.Н" аталышындагы ишканалар жумушту сапатсыз аткарганы аныкталган. Анын кесепетинен казынага 18 миллион 211 миң 822 сом зыян келген. Жетекчилери атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Учурда жасалган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү чаралар көрүлүүдө.